Ноокат райондук сотунун судьялары “2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын иш планын негизинде Ноокат райондук прокуратурасынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен маалыматтык жыйын өткөрүштү.
Жыйында эки тараптуу талкуулар, соттук процесстердин жүрүүсу боюнча ой-пикирлер жана бир топ сунуштар ортого салынды.
Жыйындын максаты райондун прокуратурасынын кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз мамиледе иш алып баруу- мыйзамдардын туура колдонулушуна жана анын ичинде сот адилеттигинин өсүп өнүгүүсүнө багытталды.




