2025-жылдын 2-апрелинде Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары- кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиянын төрагасы Нурлан Абдыразаков Ноокат райондук сотуна иш сапары менен барды.
Аталган райондук соттун кызматкерлерине жыйын өткөрүп, төрага болуп дайындалган Талайбек Эралиевди тааныштырды.
Нурлан Абдыразаков өз сөзүндө, жаңы дайындалган төраганын жооптуу ишине ийгилик каалап, судьяларды сот актыларын өз убагында тапшырууну жана аппарат кызматкерлерин этиканы сактоо менен коррупциялык иш-аракеттерден алыс болууга чакырды.
Андан соң кызматкерлердин иш бөлмөлөрүн кыдырып, архивдин абалы менен таанышып, орун алган көйгөйлөрүн укту.