Бүгүн 2025-жылдын 28-февралында Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев соттун аппарат кызматкерлерине иш кагаздарын жүргүзүүнү жобого ылайык колдонуу боюнча атайын жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө төрага аппараттагы ар бир кызматкердин өздөрүнүн нускамага ылайык тийиштүү иш алып баруусу, функционалдык милдеттери боюнча сурады.
Ар бир кызматкер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү сотторунда иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамага ылайык, бирдиктүү практика менен иш алып баруу милдеттүү экендигин белгиледи.
Ошондой эле апараттын эмгек тартибине көңүл бурулуп, ар бир кызматкер өзүнүн этикасын көзөмөлдөп сотко келген жарандардын кайрылуусуна тиешелүү түрдө сылык мамиле жооп берүүгө чакырды.