KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда аппарат кызматкерлери үчүн жыйын өттү

08 августа 2025

Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Абдразаков соттун аппарат кызматкерлерине төмөндөгү эки маселе боюнча  атайын жыйын өттү.


Алгач аппарат кызматкерлеринин көңүлүн  эмгек тартибине буруп,  ар бир жасаган кыймыл аракеттеринде чоң жоопкерчилик жатаарын, андыктан жумушуна так мамиле жасоо менен Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарынын бекем сакталышын белгиледи. Мындан тышкары кесиптештердин кызмат учурунда бири-бирине болгон мамилеси жана ички тартиби этика нормаларына ылайык келиши керектигин айтып өттү. Ошондой эле сотко кайрылган тараптарга урмат-сый менен сылык мамиле жасоого чакырды.


Жыйындын жүрүшүндө экинчи маселеге токтолуп, анда аппарат кызматкерлерин коррупциялык иш-аракеттерге аралашпай, терс көрүнүштөрдөн алыс болуп кынтыксыз иш алып барууну белгиледи.


Белгилүү болгондой буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев видео байланыш аркылуу сотторго жыйын өткөрүп, жыйын учурунда  жергиликтүү сотторго жалпы жыйындарды өткөрүү, сот аппаратынын кызматкерлерине этикалык нормаларды жана жүрүм-турум эрежелерин сактоону  тапшырган.