Алгач курсанттар облустук сотто өтүп жаткан кылмыш иши боюнча сот жыйналышына катышышып, иш боюнча баяндоодон баштап өкүмдү жарыялаганга чейин сот процесси практикада кантип өтөөрү менен таанышышты.
Курсанттарга өлкөбүздүн сот тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу жана сот ишмердиги боюнча практикалык түшүнүк берүү максатында Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары, кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча төрагасы Нурлан Абдразаков тарабынан маалымат берилди.
Судья кесиптик тажрыйбасы менен ой бөлүшүп, жалпы сот системасындагы иш алып баруу жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарынын талабына ылайык сотко келип түшкөн кылмыш иштери боюнча процесс кандай тартипте өткөрүлө тургандыгы боюнча маалымат берди. Биринчи, экинчи жана кассациялык инстанциядагы соттордун түзүлүшү, айырмачылыктарына токтолду.
Курсанттар менен укук таануу багытында жана насааттык маек куруп, жаштарды билим алууга, кунт коюп окууга, ата-энени сыйлоого жана мыйзамдарды сактоого үгүттөп, келечектеги кесибинин мыкты адиси болууларын каалады.
Ошондой эле соттун жардамчысы Дастанбек Алинбек уулу сот корпусунда эмгектенген аппарат кызматкерлеринин иш алып баруулары, сот процессинин уюштуруу тартиби тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө экскурсия уюштурулуп, анда сот имараттын жайланышы, кеңсеси, сот жыйналышынын залдары, судьялардын, консультанттардын, соттун пресс-катчысынын, судьянын жардамчыларынын жана сот жыйналышынын катчыларынын жумуш кабинеттери менен тааныштырып чыкты. Экскурсиянын жүрүшүндө сот системасындагы жумуш процессине түздөн-түз күбө болушуп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Жолугушуунун соңунда сот имаратынын сыртында эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. Нурлан Абдразаков, мындан ары дагы Ош облустук сотуна келип ачык процесстерге катышып турууга мүмкүн экендигин белгиледи.