KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда «Манастын руху –улуттук дем жана улуттук нарк» аттуу сүрөт сынагы өткөрүлдү

28 ноября 2025

Манас эпосунун үчилтигин чагылдырган сүрөт сынагына Ош облустук сотунун жана жергилитүү сотторундагы сот кызматкерлеринин 14 жашка чейин балдары катышышты.


Сынактын шартына ылайык, катышуучулар тарабынан тартылган сүрөттөр Ош облустук сотуна жиберилип, Ош облустук сотунда комиссия тарабынан эң мыкты делген сүрөт тандалып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жиберилди.


Сынактын максаты бул “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору эл биримдиги, айкөлдүк, адилеттик жана мекенчилдик сыяктуу улуттук балуулуктарды даңазалоо аркылуу жаш муундардын аң-сезимине улуттук демди жана наркты сиңирүү, аларды алардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү жана руханий тарбияны чыңдоого багытталган.