KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда мектеп окуучулары үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү

24 марта 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 24-мартында Ош шаарындагы №17 Ю.М.Гагарин орто мектебинин 9,10,11-класстарынын окуучулары үчүн сот корпусу ачык эшик күнүн өткөрдү.


Алгач бул иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары соттун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, сот залдарын көрүп соттук отурумдарга катышышты.


Ошондой эле аларга сот имаратында экскурссия жүргүзүлүп, сот системасынын түзүмү, судьялардын жана сот кызматкерлеринин фукционалдык милдеттери тууралуу маалымат берилди.


Ачык эшик күнүнүн жүрүшүндө судьялар окуучуларга жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыштуу тобокелдиктерге аралашпоо боюнча мазмундуу лекция окуп беришти.


Лекцияда өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу укук бузуулардын себептери, алардын кесепеттери жана мыйзам алдындагы жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрмө берилди.Судьялар окуучуларды мыйзамдарды сактоого, туура жүрүм-турумду тандоого жаман адаттардан алыс болууга чакырды.


Мындан тышкары, жаш өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча пайдалуу кеңештер айтылды. Келечек муундары өздөрүнүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.


Мындай иш-чаралар жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга, кесип тандоодо багыт берүү менен коомдогу жоопкерчиликтүү жаран катары калыптанышына салым кошот.


Ачык эшик күнү окуучулар үчүн пайдалуу жана кызыктуу өтүп, келекчекте юрист болууга кызыккан жаштар үчүн мотивация берди.