KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда сот ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу маселелери каралды

26 июня 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 26-июнунда,  Ош облустук сотунда сот кызматкерлеринин  биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгүнө баа берилип, иш кагаздарын жүргүзүү жана кызматтык дисциплина боюнча жыйын өттү .


Жыйынды Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов алып барып, ага облустук соттун судьялары жана сот аппаратынын кызматкерлери катышышты.


Жыйындын жүрүшүндө Ош облустук сотунун биринчи жарым жылдыктагы ишинин негизги көрсөткүчтөрү талданып, сот өндүрүшүн уюштуруу, иш кагаздарын жүргүзүү, кызматтык дисциплина, кызматтык этика жана ички эмгек тартибин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Ошондой эле сот иштеринин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу каралышын камсыз кылуу, соттук документтерди мыйзам талаптарына ылайык тариздөө, электрондук маалымат системалары менен иштөө жана иш кагаздарынын жүгүртүлүшүндөгү аныкталган кемчиликтер боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү.Айрым кетирилген кемчиликтердин себептери талданып, аларды жоюу жана кайталандырбоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.


Жыйындын жүрүшүндө сот кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктары окулуп, ар бир кызматкердин ишинин сапатына өзүнчө баа берилди. Кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган кызматкерлерге тиешелүү эскертүүлөр айтылып, аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу милдеттендирилди.


Өз сөзүндө Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов сот тутумуна болгон коомчулуктун ишенимин арттырууда ар бир судьянын жана сот кызматкеринин жоопкерчилиги өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Ал кызматтык дисциплинаны бекем сактоо, соттук этиканын талаптарын так аткаруу, жарандарга сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү, ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүүдө мыйзамдуулук менен тактыкты камсыз кылуу ар бир кызматкердин негизги милдети экенин баса белгиледи.


Жыйындын соңунда биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүктө орун алган кемчиликтерди четтетүү, иштин сапатын мындан ары жогорулатуу, кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү жана сот адилеттигин ишке ашыруунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынары белгиленди.