KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн, адвокаттардын жана судьялардын катышуусунда «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарга байланышкан кылмыш иштери боюнча соттук тажрыйбаны карап чыгуу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

26 июня 2026

Иш-чараны Ош шаардык сотунун судьялары Бактыбек Иманбеков жана Алтынай Асаналиева уюштурушту. Тегерек столдун максаты аталган категориядагы кылмыш иштерин кароодо калыптанган соттук практиканы талдоо, мыйзамдарды бирдей колдонуу боюнча пикир алмашуу жана укук колдонуудагы актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.


Иш-чарага Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары, прокуратура органдарынын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адвокаттар катышышты.


Тегерек столдун жүрүшүндө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыш иштерин кароодо кездешкен көйгөйлүү маселелер кеңири талкууланды. Катышуучулар кылмыштарды туура квалификациялоо, далилдерди баалоо, тергөө органдары менен соттордун өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле мыйзамдарды колдонууда бирдиктүү практиканы камсыз кылуу боюнча пикирлерин билдиришти.


Ошондой эле мындай категориядагы иштерди кароодо соттук практиканы өркүндөтүү, мыйзамдардын талаптарын бирдей колдонуу жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды. Катышуучулар өздөрүнүн практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, укук колдонуудагы айрым талаштуу маселелер боюнча талкуу жүргүзүштү.


Иш-чаранын жүрүшүндө сот, прокуратура, тергөө органдары жана адвокатуранын ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленип, мындай форматтагы жолугушуулар соттук практиканы өркүндөтүүгө жана мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылууга өбөлгө түзөрү айтылды.


Тегерек стол суроо-жооп жана пикир алмашуу форматында өтүп, катышуучулар тарабынан көтөрүлгөн сунуш-пикирлерди мындан аркы ишмердүүлүктө эске алуу боюнча макулдашылды.