Бүгүн, 2026-жылдын 9-апрелинде Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Ош шаарындагы медиалардан өкүлдөр келип катышышты.
Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, журналисттер менен жолугушуунун негизги максаты- сот системасынын ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулукка ачык жана так маалымат берүү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууну бекемдөө экендигин белгиледи.
“Сиздерге белгилүү болгондой, сот бийлиги- мамлекеттеги мыйзамдуулукту камсыз кылган жана жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргогон маанилүү мамлекеттик институт болуп эсептелет. Коомдун сот бийлигине болгон ишенимин арттыруу үчүн соттордун ишмердүүлүгү ачык-айкын жана жеткиликтүү болушу абдан маанилүү.
Бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу абдан чоң. Журналисттер коом менен мамлекеттик органдардын ортосундагы маанилүү байланышчы катары кызмат кылат. Журналисттер аркылуу сот системасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар кеңири коомчулукка жетет. Ошондуктан сот органдары менен массалык маалымат каражаттарынын кызматташуусу ачык жана ачык-айкын коомду түзүүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп эсептелет”- деп белгиледи Эрлан Асанов.
Ошондой эле, Ош облусунун жергиликтүү сотторунун ишти кароодогу сапаттык көрсөткүчтөрунө токтолуп, жалпысынан 2025-жыл ичинде 42422 иш каралгандыгын анын ичинде 2411 соттук актыга тараптар макул болбой даттануу келтиргендигин, Апелляциялык тартипте даттанылган жалпысы 2411 соттук актылардын 1642 соттук акты өзгөртүүсүз, 528 соттук акты жокко чыгарылып, 241 соттук акты өзгөртүлгөндүгүн, ошондо жалпсынан 41 894 акты мыйзамдуу күчүндө тургандыгын, тагыраагы, соттордун чыгарган чечимдерине 98,8 % тараптар макул экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө сот тутумунун ачыктыгын жана коомчулук менен байланышын чыңдоо маселелери талкууланды. Ошондой эле жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин арттыруу, маалыматтарды өз убагында жана так жеткирүү боюнча пикир алмашуулар болду.
ЖМК өкүлдөрү өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, сот ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу темалар көтөрүлдү. Төрага тарабынан журналисттер берген суроолорго жана сунуштарга кеңири жооптор берилип, мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, ачык диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, мындан ары дагы ар бир квартал сайын пресс-тур өткөрүп туруу мерчемделди.
Мындан тышкары сот органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы кызматташтык мындан ары дагы бекемделе берерине ишеним билдирилди. Бул өз ара аракеттенүү коомдо мыйзамдуулукту чыңдоого жана жарандардын укуктарын коргоого олуттуу салым кошору айтылды.




