KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотундагы жана айрым жергиликтүү сотторундагы жаңы дайындалган жетекчилер жана ротация жолу менен келген судьялар ыйгарым укуктуу ишин башташты

31 марта 2025

 


Бүгүн  2025-жылдын 31-мартында Ош облустук сотуна жана жергиликтүү сотторуна дайындалган жетекчилер, судьяларга жана аппарат кызматкерлерине тааныштырылды.


Иш чараны судья Каныбек Алымканов  ачып Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин буйругу менен Ош облустук сотунун төрагасы болуп Эрлан Асанов 5 (беш) жылдык мөөнөткө дайындалгандыгын билдирди.


Өз кезегинде Эрлан Асанов кесиптештери менен саламдашып, мындан ары биргеликте алгылыктуу иш алып барууга бел байлап, сот адилеттигин орнотууга бардык күч аракетин жумшай тургандыгын белгилеп өттү.


Ошондой эле кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча төраганын орун басары  болуп Нурлан Абдыразаков, административдик иштер боюнча орун басары болуп Нурия Бекбаева  дайындалганын билдирди.


Кара-Суу райондук сотунун төрагасы болуп Мирлан Боромбаев, ал эми Өзгөн райондук сотуна  Эрлан Бекишов,  Ноокат райондук сотуна Талайбек Эралиев жана Чоң-Алай райондук сотуна Айбек Бекбулатов төрага болуп дайындалышты.