Бүгүн, 14-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат районундагы бир катар калктуу конуштарда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Эл менен жолугушуулар Бел айыл аймагына караштуу Кайрагач айылында, Жаңы-Ноокат айылында жана Ноокат шаарында уюштурулду.
Жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан жер маселеси, үй-бүлөлүк талаштар, аткаруу өндүрүшү, сот чечимдеринин аткарылышы, жарандардын укуктар иштер органдарына тиешелүү маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, суроолоруна жооп беришти.
Жарандардын кайрылуулары угулуп, сот органдарына тиешелүү маселелер боюнча кайрылган тургундарды Эрлан Асанов кабыл алып, суроолоруна жооп берди.




