KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов жумушчу сапары менен Алай райондук сотунда болду.

14 мая 2025

 


Райондук соттун имаратын, короо-жайын кыдырып көрүп, эмгек жамааты менен жолугушту.


Облустук соттун төрагасы аппарат кызматкерлерин көңүлүн  эмгек тартибин бекем сактоого буруп, ар бир жасаган кыймыл аракеттеринде чоң жоопкерчилик жатаарын, андыктан жумушуна так мамиле жасап убагында аткарууну жана коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болууну баса белгиледи.


Башка жергиликтүү соттордой эле Алай райондук сотунда дагы аппарат кызматкерлеринин айлыктарынын аздыгы негизги көйгөйлөрдүн бири экендиги айтылды.


Мындан тышкары аппараттагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар боюнча сунуштар айтылды.


Алай райондук сотунда башка райондорго салыштырмалуу иш бөлмөлөрү, сот залдары жетиштүү, иштөөгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.


Имарат 2024-жылы капиталдык ремонттон өтүп,  сот тутумуна колдонууга берилген.