KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асановдун Жаңы жылдык куттуктоосу

31 декабря 2025

Урматтуу кесиптештер жана сот тутумунун ардагерлери!


Алдыда көпчүлүктүн көңүлүндө жылуу сезимдер менен сакталып, аруу тилектерибизди  алдыга койгон Жаңы 2026-жылды күтүп жатабыз. Жаңы жылда ар бир адамдын жан дүйнөсү жаңы максаттарды ишке ашырууга,  жаңыланууга жана өсүп-өнүгүүгө умтулат.


Эски жылды жыйынтыктап жатып артка кылчая карап, өткөн жылга сереп салып, келечекке койгон жаңы максаттарды андан ары улантып, жакшылыкка үмүт артабыз.  Өтүп бара жаткан жыл  сот тутуму үчүн улам жаңылануунун жолуна багыт алган, сот кызматкерлери үчүн соттук реформаны күжүрмөн жоопкерчилик менен талыкпаган эмгектин үстүндө ишке ашыруунун  жылы болду десем жаңылышпаймын.


Кирип келе жаткан жаңы жылда ар-бириңиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө токчулук, ынтымак, ырыскы жана бейкутчулук тартуулоо менен ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү ишибизге ийгиликтер арта берсин.


Жаңы 2026-жыл сот тутуму үчүн жаңылануунун,  өсүп-өнүгүүнүн, ошондой эле  кабыл алган чечимдерибиз  элибиздин бейпил турмушу жана өлкөбүздө мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүк, туруктуулукка салымын кошууга өбөлгө түзгөн, кут даарыган жылдардан болсун.


 


Сиздерди терең урматтоо менен,


Эрлан Асанов