2025-жылдын 16-ноябрында Ош облустук сотунун төрагасынын кубогуна арналган кичи футбол боюнча мелдеш Кара-Суу райондук соту тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.
Иш-чарага Ош облусундагы соттордун командалары катышып, катышуучулар мыкты деңгээлде командалык рух жана чеберчилик менен жигердүү оюн көрсөтө алышты. Калыстар тобу тартышкан беттештерди адилеттүү баалап, мыкты делген командаларды жана оюнчуларды тандап алышты.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командага Ош облустук сотунун төрагасынын кубогу тапшырылды. Мыкты оюн көрсөткөн жеңүүчүлөр кубок, диплом жана атайын сыйлыктар менен сыйланышты, жана ошондой эле ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарга ээ болушту.
Мелдештин жыйынтыгы:
- I орун — Ноокат райондук соту
- II орун — Ош облустук соту
- III орун — Алай райондук соту
- IV орун — Чоң-Алай райондук соту
Ар түрдүү номинациялардын жеңүүчүлөрү:
* Бомбардир: Тагаев Арзыбек Курсанбекович
* Мыкты дарбазачы: Калыбеков Азизбек Калыбекович
* Мыкты оюнчу: Топчубаев Эсенбай Байдоолатович




