Демилгечи топтуп отурумунда, соттордун статистикалык отчетторуна жаңыдан өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар каралды.
Отурумда төрагалык кылган Эрлан Асанов, өз сөзүндө:
-Биз бүгүн Соттордун статистикалык отчетторуна байланыштуу жаңы сунуштарды жана өзгөртүүлөрдү талкуулайбыз. Учурда колдонулуп жаткан отчеттор ар кандай маалыматтарды чогултууга багытталган. Бирок бүгүнкү күндө сот реформасынын үчүнчү этабы болгон сандан сапатка өтүү максатына ылайык, бул маалыматтарды толуктап, айрым структураларына өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы жаралгандыктан атайын тапшырма берилген.
Өзгөчө көңүл бура турган жагдай, отчеттордун мазмуну так, түшүнүктүү жана соттордун ишти алып баруусуна ылайыктуу болушу керек. Бул багытта сиздердин практикалык тажрыйбаңыздар, сунуш-пикирлериңиздер биз үчүн абдан маанилүү. Анткени, сот системасын жакшыртуу иши жалпыбыздын аракетибизге байланыштуу- деди.
Жыйындын жүрүшүндө демилгечи топ статистикалык отчеттордун учурдагы формасы жана мазмуну сот системасынын жүктөмүн, сапатын жана эффективдүүлүгүн толук чагылдыра албай жатканын белгилеп, бул жаатта өздөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын беришти.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин
5-пунктунун талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна тиешелүү маселелер боюнча мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI урултайында белгилеп көрсөткөн маселелерин ишке ашыруу боюнча Ош облустук сотунун төрагасынын буйругу менен Ош облустук сотунан жана жергиликтүү сотторунун судьяларынан жумушчу топ түзүлгөн.
Жыйындын соңунда демилгечи топтун ортосунда түзүлүлгөн WhatsApp группада онлайн форматта дагы тыгыз байланышта иш алып баруу мерчемделип, жыйынтыкталды.