KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төрагасы, төраганын орун басары Алмаз Койлубаев прокуратура органдары уюштурган иш-чарага катышты

18 ноября 2025

Проратура кызматкерлери, укук коргоо органдары, саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, областтык казыяттын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери катышкан жыйын Ош облустук прокуратурасынын жыйындар залында өттү.


Жыйындын жүрүшүндө алгачкы текшерүү органдары тарабынан арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алууда, каттоодо, чечүүдөгү маселелер, ошондой эле, көз жумган адамдардын өлгөндүгү жана алардын себептерин аныктоо боюнча талкуулар жүрдү.


Алмаз Койлубаев өз кезегинде, жаранды өлгөн деп жарыялоо жана адамдын өлгөндүгүнүн фактысын аныктоо боюнча иштер өзгөчө өндүрүш категориясына кире тургандыгын жана Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык Кодексинин талаптары менен каралган тартипте карала тургандыгын белгиледи.


Ошондой эле, 2025-жылдын 2-жарым жылдыгында бекитилген Ош облустук сотунун иш планына ылайык, иштерди жалпылоодо 2025-жылдын 9 айында биринчи инстанцияда “Адамдын өлгөндүгүнүн фактысын аныктоо” жөнүндө жалпы  86 жарандык иш каралгандыгын, ал эми “Жаранды өлгөн деп жарыялоо” категориясы боюнча иштер каралбагандыгын белгилеп өттү.


Жаранды өлгөн деп жарыялоо- жарандын өлгөнүн ырастаган далилдер жок болгондо жана өлүм окуясы божомолдонулган учурда жүргүзүлөт жана жаран узак убакыттан бери жашаган жеринде жок болгондо же анын дареги белгилүү болбогондо колдонулат.


Адамдын өлгөндүгүнүн фактысын аныктоо- жаран чындыгында каза болгон, бирок өлүм мамлекеттик каттоого алынбаган учурда аныкталат.