Ош облусунун Административдик сотунда судьялардын жана сот аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйында Административдик сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Руслан Калдыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун иш-чаралар планынын 2026-жылдын II кварталындагы аткарылышы талкууланып, сот ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча милдеттерди белгиледи.
Мындан сырткары соттун ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды коомчулукка жеткирүү, жарандардын тейлөө сапатына баа берүү үчүн QR-код аркылуу сурамжылоо жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Жыйындын соңунда кызматкерлерге мыйзамдуулукту так сактоо, кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруу жана кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө боюнча эскертүүлөр айтылды.




