KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун Административдик сотунда мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү

12 июня 2026

2026-жылдын 12-июнунда Ош облусунун Административдик сотунда административдик иштерди кароодо келип чыккан көйгөйлөрдү талкуулоого арналган тегерек стол болуп өттү.


Иш-чарага Ош облусунун Административдик сотунун төрагасынын милдетин аткаруучусу Руслан Калдыбаев, Ош шаарынын мэриясынын өкүлү Нурсултан Акылбек уулу, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү Азиза Эргешова, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын өкүлү Амангелди Алиматов жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалынын өкүлү М. Токторбаев катышышты.


Тегерек столдун жүрүшүндө административдик иштерди кароодо иштин создугушуна алып келген жагдайлар талкууланып, мындай маселелерди азайтуу жана жоюу боюнча сунуштар айтылды. Ошондой эле жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоо, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара кызматташуусун күчөтүү жана талаш-тартыштарды сотко чейин чечүүнүн натыйжалуу механизмдерин колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Катышуучулар административдик талаштарды мүмкүн болушунча сотко жеткирбей, мыйзам чегинде жеринде жана өз убагында чечүү соттук жүктөмдү азайтып, жарандардын убактысын үнөмдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.


Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик органдар менен соттун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана административдик иштер боюнча келип чыккан көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.