KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун Административдик сотунда студенттер үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү

19 ноября 2025

Ош облусунун Административдик соту  болочок юристер үчүн жаштарды мекенчилдикке айкөлдүккө, адилеттикке, улуттук баалуулуктарды даңазалоо аркылуу жана патриоттуулука үндөө максатында ачык эшиктер күнүн өткөрдү.


Иш чарага Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжининин 3-курсунунун студенттери катышышты.


Судьялар Административдик соттун өзгөчөлүктөрү туурасында маалымат берип, Ошондой эле студенттер менен маек куруп, насааттарын айтып, алардын кызыктырган суроолоруна кеңири жооп берди.


Студенттерге экскурсия өткөрүлүп, соттун имараты менен таанышышты жана иштердин келип түшкөндөн кийинки процесстик тартиби, ошондой эле биринчи, экинчи жана үчүнчү инстанциялык соттор туурасында кенен маалымат алышты.


Иш чаранын соңуда төрага  Дамир Суйналиев студенттер ата-энелеринин үмүтүн актап жакшы окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын бекем сактоого жана кесипкөй адис болууга чакырды.