KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун Административдик сотунда «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында «Манас угуу декадасына» арналган иш-чара уюштурулду

20 ноября 2025

Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун кыргыз адабияты кафедрасынын профессору, кафедра башчысы, филология илимдеринин доктору Гүлина Жамгырчиева жаш манасчы Эржан Сайдилдаев жана ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжининин 3-курсунунун студенттери конок катары катышышты.


Гүлина Жамгырчиева катышуучуларга «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу  боюнча лекция окуп, Манас эпосунун тарыхый маңызы, мазмуну жана тарбиялык багыты тууралуу кеңири маалымат берди. Ал эми жаш манасчыбыз Эржан Сайдилдаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү жана комуздун коштоосунда Курманбек эпосунан дастан айтып берди.


Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер Манас  эпосу тууралуу кызыктуу маалыматтарды угуп, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.


Соңунда Ош облусунун Административдик сотунун төрагасы Суйналиев Дамир Суйунтаевич өткөрүлгөн иш-чара кызматкерлер жана студенттер үчүн пайдалуу болгонун белгилеп, келген конокторго мазмундуу баяндамасы үчүн ыраазычылык билдирди.