Алгач бүтүрүүчү класстардын окуучулары үчүн Алай райондук сотунун имараты жана ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында экскурсия жүргүзүлдү.
Анда сот имаратындагы аудио-видео, жазуу системасы менен тааныштырып, соттогу иш кагаздардын жүгүртүлүшү, соттук актылар кандай кабыл алынары тууралуу түшүндүрмө берилди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот тутуму, сот тутумунун иши, сот адилеттигин ишке ашыруудагы максаты жана жергиликтүү соттордун сот адилеттигин ишке ашыруудагы иш алып баруусу, иштөө принциптери, судьялардын ыйгарым укуктары, алардын макамы жана функционалдык милдеттери тууралуу маалымат берилип өттү.
Андан сырткары окуучулар юридикалык кесиптин багыттары боюнча түшүнүк алышып, Алай райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмү жана сот приставтары менен таанышышты.