KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунда коррупциялык иш-аракеттерге каршы жыйын өттү

24 июня 2026

Чоң-Алай райондук сотунда судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин катышуусунда коррупциялык иш-аракеттердин алдын алуу жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча жыйын өткөрүлдү.


Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын так сактоо, кызматтык этиканы бекем кармануу жана кызматтык милдеттерди жоопкерчиликтүү аткаруу маселелери талкууланды.


Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы Айбек Бекбулатов соттун кызматкерлерине жарандар менен иштөөдө сылык мамиле кылуу, ачык-айкындуулукту камсыздоо жана коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө боюнча түшүндүрмөлөрдү берди.


Белгилей кетсек, сотто коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.