2025-жылдын 14-июнунда Ош облусунда сот тутумунун кызматкерлеринин арасында футбол боюнча Ош облустук сотунун төрагасынын кубогу болуп өттү.
Мелдеште жалпысынан 11 команда ат салышты. Анда Ош облустук сотунан жана Ош облусунун жергиликтүү сотторунан, ошондой эле Ош облусунун Сот департаментинен, сот приставдар кызмат бөлүмүнөн түзүлгөн курама командалар болушуп кызыктуу оюн көрсөтө алышты.
Ар бир команда футбол боюнча өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыгында мыкты деп табылган 4 командага кубок, диплом жана грамоталар тапшырылды.
Биринчи орунду жана турнирдин өтмө кубогу менен Ош облусунун сот приставдар кызмат бөлүмүнөн түзүлгөн сот приставдар командасы сыйланышса, 2-орунду Ош шаардык сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми 3-орунду Кара-Кулжа райондук сотунун курама командасы багындырып, Алай райондук сотунун кызматкерлери 4-орунга татыктуу болушту.
Мындан сырткары турнирдин уюштуруучулары сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызмакери Акылбек Адылбек уулун турнирдин «Мыкты оюнчусу» деп таап, ал эми«Мыкты дарбазачы» номинациясын Ош шаардык сотунун кызматкери Талас Абдуганиевке ыйгарышты.
Кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Кара-Суу райондук сотуна өткөрүлүп берилди.