Окутуу бүгүн, 2025-жылдын 23-январында Ош облустук сотунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаевдин, судьялары Чинара Айдарбекованын, Меергуль Бобукееванын, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асановдун, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырованын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын катышуусунда өттү.
Конституциялык соттун судьялары төмөндөгү багыттар боюнча баяндама жасашып кеңири маалымат беришти:
1) Коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн конституционализмдин мааниси, мамлекеттик бийлик системасындагы Конституциялык соттун орду жана ролу;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда судьялардын кайрылууларын кароонун өзгөчөлүктөрү, айрым чечимдердин мисалында Конституциялык соттун актыларынын юридикалык күчү;
3) Конституциялык сот тарабынан укук принциптерин жана укуктук доктриналарды анын айрым чечимдеринин мисалында колдонуусу;
Семинардын жүрүшү судьялар ортосунда суроо-жооптор жана талкуулар менен коштолуп, соңунда катышуучуларга конституционализм мектебинин сертификаттарды тапшырылды.




