KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун жергиликтүү соттору тарабынан “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун алкагында иш- чара өткөрүлдү

03 декабря 2025

Иш-чара Ош облусундагы сот тутумунун кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Улуттук илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозбекованын, Ош Мамлекеттик Университенин Чыгыш таануу институтунун “Чыгыш кол жазмалары жана мурастары фондунун” жетекчиси Байболот Абытовдун жана аталган фонддун мүчөсү, окутуучусу Зарлык Солтоевдин,    Ош облусунун администрациясынан жана Ош шаарынын мэриясынан жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн жана райондордун мамлекеттик администрация башчылары-акимдердин  катышуусунда өттү.


Иш-чараны Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов ачып, өз сөзүндө:


“Урматтуу кесиптештер, кадырлуу калың журтум!


Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” улуттук идеясы мамлекеттик башкаруунун бардык багыттарына, анын ичинде сот тутумуна да жаңы стратегиялык багыттарды белгилеп берди. Бул улуттук идеянын башкы максаты, улуттук баалуулуктарга таянган, адилеттүү, ачык, элге кызмат кылган заманбап мамлекетти куруу болуп саналат.


Бүгүн биз өлкө жетекчилиги тарабынан жарыяланган “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун сот тутумунда ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 202-буйругун ишке ашыруу үчүн чогулуп турабыз.


Сот бийлиги үчүн бул улуттук идеяны ишке ашыруу, адилеттүүлүккө ишенимди бекемдөө, укуктук маданиятты жогорулатуу, ачык-айкын жана жогорку заманбап сот тутумун түзүү дегенди билдирет.


Бул уңгужол, улуттук баалуулуктарга таянган, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген адилеттүү, ачык жана элге кызмат кылган мамлекеттик түзүлүштү куруу демилгесинин негизги бөлүгү болуп саналат”-деп белгиледи.


Андан соң келген конокторго сөз берилип, улуттун уңгусуна багытталган Манас эпосунунун улуттук идеологиясын даңазалаган иш-чара сот тутумунда өткөрүлүп жаткандыгын жылуу кабыл алышып, Улуу мурасыбызды көрсөткөн, улуттук наркыбызды, руханий маданиятыбызды эске салган жана эне тилдин мамлекеттүүлүктүн сакталышындагы ролу жөнүндө өз баяндамаларында айтып өтүштү.


Иш-чараны концерттик номерлер коштоп, комуз күүлөрү чертилип, соттун кызматкерлери келген конокторго Манас эпосунун эпизоддорун чагылдырган үзүндүлөрдү сахналаштырып спекталь коюп беришти.


Иш-чаранын соңунда Ош облусундагы ар бир бир соттун “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолуна арналып даярдалган видео-роликтери көрсөтүлдү. Жыйынтыгында “эң мыкты ролик”  деп Ош шаардык соту тарабынан даярдалган видео-ролик табылды. Жеңүүчү деп табылган сотко Ош шаарынын мэриясы тарабынан берилген  белек тапшырылды.