KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар жамаатка тааныштырылып, ыйгарым укуктуу кызматын аткарууга киришти

01 июля 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгынын негизинде Ош облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар расмий түрдө сот жамааттарына тааныштырылып, кызматтык милдеттерин аткарууга киришти.


Жаңы дайындалган судьяларды Ош облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басы Нурия Бекбаева, соттун жамааты менен тааныштырды.


Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы дайындалган судьяларды кызматка дайындалышы менен куттуктап, аларга мыйзамдуулукту бекем сактоо, сот адилеттигин калыс жана ак ниет жүргүзүү, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында жоопкерчиликтүү эмгек каалашты.


Ошондой эле жаңы судьялар антка жана судьялык этиканын талаптарына бекем туруп, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, сот бийлигине болгон коомчулуктун ишенимин арттыруу багытында ак ниет кызмат өтөй тургандыктарын белгилешти.


Кыргыз Республикасынын Президентинин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Ош облусунун жергиликтүү сотторуна төмөнкү судьялар дайындалышты:


Араван  райондук соту:



  • Жылдыз кызы Меерим.


Кара-Суу  райондук соту:



  • Абдылдаев  Тилек  Токторович;

  • Омуров  Айбек  Бактыбекович.


Өзгөн  райондук соту:



  • Абдыкалыкова  Гульзира  Расуловна;

  • Шаршеев  Эрмек  Муслимович  (курагынын чегине жеткенге чейин)


Тааныштыруудан кийин дайындалган судьялар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу кызматтык милдеттерин расмий түрдө аткарууга киришишти.