Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов мамлекет башчысы тарабынан Жарлык чыгып жаңы дайындалган судьяларды Ош шаардык, Араван жана Өзгөн райондук сотторунун эмгек жамааты менен тааныштырды.
Ош шаардык сотуна Джамбурчиева Каныкей Аширбековна жана Маданбекова Лира Орумбековна ;
Араван райондук сотуна Акылбекова Айжамал Акылбековна;
Өзгөн райондук сотуна Рыскулов Асхат Жаңыбаевич 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык мыйзамга ылайык, ант беришкен.
Эрлан Асанов дайындалган судьяларга, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу бүгүнкү күндүн башкы талабы экендигин, андыктан сот тутумуна ишеним арттырууну белгилеп, жооптуу жана түйшүктүү кызматтарына ийгиликтерди каалады.




