KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош шаардык сотунда кыргыз тилин колдонуу маданиятын жогорулатуу боюнча тренинг өттү

26 июня 2026

Ош шаардык сотунда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата бекитилген иш планынын негизинде жана «Кыргыз тилим – адилеттүүлүккө үндөгөн тил» аттуу иш-чаралардын алкагында судьялар жана сот аппаратынын кызматкерлери үчүн кыргыз тилинде чечендик өнөрдү өнүктүрүүгө арналган практикалык тренинг уюштурулду.


Тренингди «Деңгээлдештирилген “Кыргызтест” системасы боюнча сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү технологиялары» аттуу окуу курсу боюнча тренер Бермет Закирова өткөрдү.


Окутуунун жүрүшүндө сот кызматкерлери мамлекеттик тилде так, түшүнүктүү жана ишенимдүү сүйлөө маданиятын өркүндөтүү, чечендик чеберчиликти өнүктүрүү, өз оюн логикалык жана таасирдүү жеткирүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты. Ошондой эле кызматтык ишмердүүлүктө мамлекеттик тилди натыйжалуу колдонуу боюнча пайдалуу сунуштар жана ыкмалар берилди.


Мындай иш-чаралар сот тутумунда мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүүгө, кызматкерлердин кесиптик коммуникациялык жөндөмдөрүн жогорулатууга жана жарандар менен мамлекеттик тилде сапаттуу баарлашууну камсыздоого өбөлгө түзөт.