KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош шаардык сотунун судьялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө методикалык колдоо көрсөтүштү

14 ноября 2025

Жыйын Ош шаардык сотунун төрагасы Чолпон Асанованын демилгеси менен уюштурулуп, шаардык соттун судьялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.


Чолпон Асанова өз сөзүндө, “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасы жана “2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын негизинде уюштурулуп жаткандыгын,  бул профилактикалык иш-чаранын максаты мамлекеттин укуктук саясатынын өнүгүүсүнө жана сотто иштерди кароодогу сапатын жогорулатууга багытталгандыгын белгиледи.


Жыйындын жүрүшүндө судьялар тарабынан сотко катышууга тиешелүүлүгү бар бардык  жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө соттук отурумдарга катышуусунун милдеттүүлүгү айтылды. Ал эми мамлекеттик органдарга барган сурам каттарды жана соттук талаптарды убагында кабыл алып,  жооп берилсе соттун ишин бир кыйла жеңилдете тургандыгы белгиленди.


Ошондой эле «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жарандар кайрылганда алардын кайрылуусунун максатын тактап, акт жазуудан баш тартуунун так себеби менен жооптору көрсөтүлүшү керектиги айтылып, ошону менен бирге электрондук кол коюу, электрондук документтерди алмашуу ишмердүүлүгү, мамлекеттин кызыкчылыгындагы дооматтар боюнча мамлекеттик органдардын позициясы, бардык уюмдар жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиштиги жана нотариалдык буйруктар боюнча сын-пикирлер ортого салынды.


Мындан сырткары  башка категориядагы иштерди  кароодогу маселелер жана көйгөйлөр дагы талкууланды.


Судьялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда бир топ сунуш-пикирлер айтылып, мындан кийин дагы ушундай форматтагы жыйындарды өткөрүп туруу сотко келген жарандардын ишин бир кыйла жеңилдетип,  соттук  иштердин мыйзам тарабына чечилүүсүнө түрткү бере тургандыгы айтылып, жыйынтыкталды.