Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов Ош шаардык сотунун судьясы Арапаткан Омурзакованы ардактуу эс алууга узатуу иш чарасын уюштурду.
Алгач Эрлан Асанов Арапаткан Омурзакованы көп жылдык үзүрлүү жана жоопкерчиликтүү эмгегинин жыйынтыгы болгон ардактуу эс алууга чыгышы менен куттуктады.
“Эмгек жолуңузда, айрыкча жарандардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында, сиз ар дайым ак ниеттүүлүгүңүз, жогорку кесипкөйлүгүңүз жана үлгүлүү мамилеңиз менен айырмаландыңыз. Сиздин кесиптештерге, сот коомчулугуна кошкон салымыңыз абдан зор жана баалуу. Ар бир ишиңизде чынчылдык, калыстык, акыйкаттык жана иш билгиликтүүлүгүнүз аркылуу көптөгөн жарандарыбызга дем-күч, үмүт жана туура жол көрсөтө алдыңыз.
Сизди ардактуу эс алууңузга узатып жатып, мындан аркы жашооңузда бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, жан дүйнө тынчтыгы жана узак, бактылуу өмүр каалайбыз. Ар бир күнүңүз кубанычка, ар бир көз ирмемиңиз ырахатка толсун! Сиз менен бирге эмгектенүү биз үчүн сыймык жана зор тажрыйба болду! Ийгилик жана тынчтык дайыма коштоп жүрсүн”.-деди төрага
Ошондой эле иш чарада облустук жана шаардык соттордун судьялары сүйлөшүп, кесиптешине мындан ары бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык каалап, каалоо-тилектерин айтышты.
Иш чаранын жүрүшүндө облустук соттун төрагасы Эрлан Асанов Арапаткан Омурзаковага сот тутумундагы көп жылдык сиңирген эмгеги, сот адилеттигин ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн “Ош облустук сотунун Ардак грамотасын” тапшырды.
Эске салсак, Арапаткан Абдылдаева 1960-жылдын 26-июнунда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында туулган. 1996-жылы Кыргыз-улуттук мамлекеттик университетинин “Юриспруденция” адистигин ийгиликтүү бүтүргөн.
Эмгек жолундагы жалпы стажы 42 жыл, юридикалык кесип боюнча эмгек стажы 9жылдан ашык.
Арапаткан Омурзакова 2016-жылдан сот тармагында эмгектенүүгө өткөн, белгилей кетсек 2016-жылдын 17-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №31,32-жарлыктарынын негизинде Ош шаардык сотуна судья болуп дайындалып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 16-апрелиндеги №92-жарлыгынын негизинде курагынын чегине жеткенге чейин Ош шаардык сотунун судьясы болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенди.