KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош шаарында Жогорку соттун төрагасынын кичи футбол боюнча кубогу болуп өттү

04 октября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 4-октябрында Ош шаарында Кыргыз Ресбуликасынын сот тутумунун кызматкерлеринин арасында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кичи-футбол боюнча кубогу болуп өттү. Спорттук иш-чара Ош облусунун соттору тарабынан уюштурулду.


Мелдешти Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов ачып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевге сөз берди.


Мелдештин ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Медербек Сатыев катышып, катышуучуларды жана күйөрмандарды куттуктады. Ошондой эле турнирге Жогорку Соттун Төрагасынын орун басарлары Шералы Камчыбеков, Нургуль Бакирова, Жогорку Соттун судьялары Кумушбек  Жоомартов, Бакыт Усубалиев  жана Төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышышты.


Ошондой эле турнирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Даниэль Рысалиев, Ош облусунун прокурору Чыңгыз Ахматов жана Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев  катышышты.


Жогорку Соттун Төрагасы Медербек Сатыев бүгүнкү турнирдин максаты күч сынашуу эмес, тескерисинче ден соолукту чыңдоо, судьялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө экендигин айтты.


«Кыргыз Республикасынын сот системасынын, анын ичинде судьялардын арасында өткөрүлүп жаткан кичи- футбол боюнча турнир бул жөн гана спорттук мелдеш эмес, бул достуктун, ынтымактын жана жамааттык биримдиктин чоң майрамы!


Футбол – бул командалык оюн. Анын ар бир кыймылы, ар бир пас жана ар бир гол бизге бирдиктүү аракеттин күчүн эске салат. Дал ошол аракеттер сот органдарынын ишмердүүлүгүндө да негизги принциптердин бири болуп эсептелет. Сот системасынын туруктуу иштеши ар бир судьянын, сот кызматкеринин, аппаратынын жана башка тийиштүү кызматтардын мыйзам чегиндеги жоопкерчиликтүү аракетинин жыйынтыгында гана камсыздалат.


Бүгүнкү турнирдин максаты күч сынашуу эмес, тескерисинче ден соолукту чыңдоо, судьялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана албетте, көңүл көтөрүү. Бул иш-чара кесиптештер менен болгон байланышты арттырып, жаңы достуктарды жаратып, сот тутумун бир үй-бүлө катары дагы бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем», – деп белгиледи Төрага.


Иш-чарага конок катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Шералы Камчыбеков, төраганын административдик иштер боюнча орун басары Нургуль Бакирова, президенттин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Даниэль Рысалиев жана Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиевдер келишти.


Бул спорттук мелдеште жалпысынан 8 команда ат салышып, алар кызыктуу оюн көрсөтө алышты. Ар бир команда футбол боюнча  өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта өттү. Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  4  командага кубок, диплом жана грамоталар  тапшырылды.


Биринчи орун- төраганын кубогу менен Бишкек шаардык сотунун кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Баткен облустук сотунун кызматкерлери алышты. Ал эми үчүнчү орунга  Ысык-Көл облустук сотунун  командасы, төртүнчү орунга Жалал-Абад облустук соту татыктуу болду.


Мындан сырткары  турнирдин уюштуруучулары “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.


Белгилей кетсек, оюнчулардын арасынан мыкты деп табылгандар “Мурас” салттуу достук мелдешине тандалды.


Спорттук мелдеш Ош шаарындагы А. Момунов атындагы футбол академиясынын аянтчасында өткөрүлүп, жалпысынан мелдешке Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда катышып, эки тайпага бөлүнүп күч сынашты.


Мелдештин жүрүшүндө салттуу достук кичи-футбол  боюнча  «Мурас» турнирине мыкты оюнчулар тандалып алынды.


Салтка айланган бул кичи футбол боюнча мелдештин негизги максаты спортту, сергек жашоо образын жана сот тутумундагы судьялардын ортосундагы тилектештикти жайылтуу болуп саналат.


Кийинки кезектеги төраганын өтмө кубогу Нарын облусунун сотторуна ыйгарылды.