Иш-чарага Ош облусунун административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев, судьялар Руслан Калдыбаев жана Жаныл Жаныбекова, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын, Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кыргызгипрозем» жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынын Оштогу филиалынын өкүлдөрү катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар административдик органдардын өкүлдөрүнүн соттук процесстерге болгон катышуулары катышуулары, соттор тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу жагы, ал эми аткарылбай калган учурда иштин кароо мөөнөттөрүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгы жана андай учурларда юристтерге мыйзам тарабынан чаралар көрүлөрү тууралуу эскертүүлөр айтылды. Мындан сырткары башка категориядагы иштерди кароодогу маселелер жана көйгөйлөр талкууланды.