Бүгүн, 2025-жылдын 6-февралында Ош облусундагы жергиликтүү соттордун 2024-жылдын ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу кеңешмеси видео байланыш аркылуу өткөрүлдү.
Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев, Нургуль Бакирова, Шералы Камчыбеков жана Жогорку соттун Соттук тажрыйбаны жалпылоо жана соттук статистиканы талдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Камчы Бапаев, Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, облустук соттун судьялары, шаардык жана райондук соттордун төрагалары жана Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы катышышты.
Кеңешмени Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып, күн тартибиндеги каралуучу маселелер менен тааныштырып, Ош облусунун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү боюнча жалпылоо баяндама жасап, анда биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун иштерди кароонун сапаты боюнча маалымат берди.
Кеңешменин жүрүшүндө Ош облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Джумагулов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Алмаз Койлубаев, административдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, судьялар тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү тууралуу жана саны боюнча маалыматтарды өз баяндамаларында айтып өтүштү.
Маалыматка ылайык Ош облусунун шаардык, райондук жана административдик соту тарабынан жыл ичинде жалпы 39734 иш келип түшүп анын ичинен 35076 иш каралган.
2023-жылы бул көрсөткүч 32282 ишти түзгөн. Бул 3714 ишке же 10,59 пайызга көп каралгандыгын көрсөтөт.
Ал эми, 2024-жылы мекеме-ишканаларга карата мыйзам бузууларды жоюу максатында шаардык жана райондук соттор тарабынан жалпысынан 180 жеке аныктама чыгарылган.
Жыйындын соңунда облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев кеңешмени жыйынтыктап, Ош облусунун жергиликтүү сотторунун айрым иштерди кароодо өзгөртүлүшүнүн жана бузулуусунунун себептери катары, бул материалдык жана процессуалдык нормалардын так сакталбагандыгы, мындан тышкары кылмыш-жаза иштери боюнча айыпталуучу менен жабырлануучулардын жарашуу келишимине келишкендиктери да кездеше тургандыгын белгиледи.
Каралган иштер боюнча соттук практиканын бирдей болбой жаткандыгы кызуу талкууланып, соттук практиканы жалпылаштыруу боюнча иш чаралар тийиштүү деңгээлде болбой жаткандыгы белгиленип, мындан ары ишти жакшыртуу үчүн күч аракеттерди жумшоого судьялар милдеттендирилди.
Мындан ары коомчулук менен бирге иш алып барып, соттук талаш-тартыштардын алдын алууга, сот адилеттигин ишке ашырууда бирдей тажрыйбага жетишүүгө, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга багытталган маанилүү маселелер айтылып, жыйынтыкталды.
Ош облустук сотунун пресс-катчысы Айпери Туратбек кызы