KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы  Медербек Сатыев Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунда болду

24 декабря 2024

Жогорку сот органынын башчысын Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Чоң-Алай райондук сотунун судьясы Нурлан Эсенбаев, ошондой эле Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Динислам Кожоакматов тосуп алышты.


Сот кызматкерлери менен жолугушууда Медербек Сатыев Ош облустук башкармалыгынын аракетсиздигин сынга алып, Чоң-Алай сыяктуу кышы узакка созулган   аймактарга өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. Буга мисал катары төрага кышкы форманы мисал келтирип, бул бийик тоолуу район үчүн жылуу эмес экенине кейиди. Ошондой эле, Медербек Сатыев имараттагы жаракалар коркунуч туудурарын жана ремонтту мындан ары узартууга жол берилбестигин белгиледи.


Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө Чоң-Алай райондук сотунун сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу,  30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар Абылбек Дүйшөбаев   сот чечимдерин аткаруунун эң жогорку деңгээлин-93% көрсөткөнү белгилүү болду.


Ошондой эле жакын арада сотко кайрылган жарандар жана сот процессинине катышкандар арасында QR-код аркылуу онлайн сурамжылоо тууралуу маалымат камтылган стенд орнотулары кабарланды. Бул ыкма жарандардын керектөөлөрүн толук аныктоого, кетирилип жаткан   кемчиликтерди жоюуга мүмкүндүк берет.