KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жергиликтүү соттордун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын укту

16 июля 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 16-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин төрагалыгы алдында жергиликтүү соттордун 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктарына арналган кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга өлкөнүн бардык аймактарындагы жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары видео-конференц байланыш аркылуу катышышты.


Кеңешменин жүрүшүндө Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов облустагы жергиликтүү соттордун алты ай ичинде аткарган иштери боюнча баяндама жасады.


Баяндамада соттордун инфраструктурасын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Кара-Суу жана Өзгөн райондук сотторунун имараттарын заманбап талаптарга ылайыкташтыруу, «Сот адилет үйү» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер тилкесин трансформациялоо, ошондой эле Ноокат жана Араван райондук сотторуна жаңы жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.


Ошондой эле укук коргоо органдары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара кызматташтыкты чыңдоо, калк арасында укуктук түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тегерек столдорду жана жолугушууларды уюштуруу, медиация институтун жайылтуу, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү жана жарандарды кабыл алуу боюнча аткарылган иштер да баяндалды.


Мындан тышкары, соттук практиканы жалпылоо, мыйзамдарды бирдей колдонуу практикасын камсыз кылуу жана биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттордун ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар белгиленди.


Баяндамада ошондой эле Жогорку соттун төрагасы тарабынан 2026-жылдын февраль айында берилген 16 протоколдук тапшырманын тогузу толук аткарылып, калган жети тапшырма белгиленген мөөнөттө аткарылып жатканы, мөөнөтү өтүп кеткен тапшырмалар жок экени маалымдалды.