Бүгүн 2025-жылдын 11-мартында Ош облустук сотуна Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев жана прокуратура органынын өкүлдөрү келишип, 5-март сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Сот тутуму мамлекетибизде адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого салым кошо тургандыгын белгилешип, жооптуу иштерине ийгиликтерди каалашты.
Прокуратура органы менен кызматташууда өлкөдө мыйзам үстөмдүгүнүн сакталуусуна ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар судьяларга медалдар, ардак грамоталар жана соттун аппарат кызматкерлерине алкыш баракчалары ыйгарылды.