Иш-чара Өзгөн райондук сотунун имаратында өткөрүлүп, жыйынга Өзгөн райондук сотунун төрагасы Эрлан Бекишов, судьялар Чынара Саадабаева, Нурила Култаева, Ниязбек Калматов, Батырхан Астаев, Өзгөн районунун прокурору Замирбек Джумабеков, Өзгөн районунун прокурорунун жардамчылары Гульмира Анарбаева, Азамат Эргешов, Марат Медетов, Ороз Дыйканбаев, Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Асан Токтомамбетов, анын орун басары Бекблолот Келдибеков, Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Тыныбек Аманбаев анын орун басары Кыял Ниязбеков, тергөөчүлөр Ильяз Саитов, Баатыр Курбанбаев катышышты.
Жыйында шектүүлөрдү кармоо, айыпталуучунун мүлкүнө камак салуу, тараптарды сотко камсыз кылуу боюнча келтирилип жаткан кемчилдиктер ортого салынды. Ошондой эле мыйзамдарды туура талдоо жана колдонуу боюнча эки тараптуу сунуш-пикирлер айтылды.
Жыйындын максаты мыйзамдардын так аткарылышы, кылмыштуулук менен курөшүү, ошондой эле мыйзам бузууларга жол бербөөгө багытталган.