Бүгүн 2025-жылдын 21-февралында Ош облустук сотунда прокуратура органынын өкүлдөрү менен кеңири форматта жыйын болуп өттү.
Жыйынга облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош облусунун прокурорунун орун басары Эмирбек Алиев, Кара-Суу районунун прокурору Эркингуль Урдалетова, Араван районунун прокурору Замирбек Бейшекеев, Өзгөн районунун прокурору Замирбек Джумабеков, Ноокат районунун прокурору Кубанычбек Муратбеков, Ош облустук сотунун судьялары жана Административдик сотунун судьясы катышышты.
Сот тутуму прокуратура органы менен өз ара кызматташууну алдыга жылдыруу максатындагы ишмердүүлүктө орун алган кемчиликтер, көйгөйлөр жана аракеттер ортого салынды.
Ушуну менен катар, прокуратура өкүлдөрү судьялардан ишти кароодо мөөнөттөрүн кечиктирбестен жана чечимди өз убагында жиберүү боюнча сунуштар айтылды. Ал эми фемида өкүлдөрү, тергөөнүн обьективдүү жүрүшүнө тыкыр көзөмөл жүргүзүү жагына мамлекеттик айыптоочулардын көңүлдөрүн бурду.
Иш-чаранын катышуучулары ар бир маселе боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, айтылган сунуштар боюнча мыйзамдуу аракеттерди жүргүзүп, укук талаасында эриш аркак кызматташып иш алып баруу, сот тутумунун жана прокуратура органдарынын ишин бир кыйла жеңилдетип алдыга жылуусуна түрткү бере тургандыгы белгиленип, жыйынтыкталды.
Белгилей кетүүчү жагдай, алдыда мындан ары дагы ушундай форматтагы тегерек столдор уюштурулуп тургандыгы айтылды.