Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев «Сот адилет үйүнө» караштырылган жер тилкесинин чек арасын тактоо максатында Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан тилкеге барышты.
Жер тилкесинин чек аралары жана аны тактоо боюнча уюштуруу маселелери жеринен каралып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.




