KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Аксакалдар соттору менен жолугушуу өттү

20 февраля 2025

 


Бүгүн 2025-жылдын 20-февралында Ош шаардык сотунун 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата тузулгон иш планына ылайык, аксакалдар сотторуна маалыматтык жолугушуу уюштурулду.


Судья Жаныбек Жумаков Ош шаарындагы аймактык башкармалыктардын  аксакалдар сотторунун төрагаларына  маалыматтык колдоо максатында методикалык жана практикалык жактан  жардам көрсөттү.


Жыйында аксакалдар сотунун чечимин аткарбаган  учурда тараптар, аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу экендиги белгиленип, мындан тышкары аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу боюнча бир нече маселелер ортого салынды.


Ошондой эле, аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлүү маселелери жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы боюнча талкуу жүргүзүлдү.