KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Сот имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМнин Республикалык окуу борборунун курсанттарына “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү

27 марта 2025

2025-жылдын 26-мартында Ош облустук сотуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун курсанттары келишти.


Алгач аталган окуу борбордун курсанттарына  соттун жардамчысы Дастанбек Алинбек уулу сот имаратында жайгашкан сот залдары, кызматкерлердин иш алып баруусу менен тааныштырып чыгып, сот процессин уюштуруу  тартиби, тараптардын катышуусу андагы аппарат кызматкерлеринин орду тууралуу айты берди.


Мындан сырткары кылмыш-жаза иштери, жарандык жана экономикалык, административдик иштер боюнча сот өндүрүштөрүнүн кароонун жана чечүүнүн тартиптери, АИС жана АВФ программаларынын иштөөсү боюнча кеңири токтолуп,  курсанттардын кызыктырган суроолоруна жооп берди.


Андан соң кылмыш-жаза иштери, жарандык жана экономикалык иштер боюнча өткөрүлгөн ачык соттук процесстерге катышышты.