Ош облусттук сотунда Ош Мамлекеттик Университетинин, Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык Университетинин юридика факультеттеринин жана Ош шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы колледжинин окутуучулары жана студенттери үчүн атайын ачык эшик уюштурулду.
Сот имаратынын жыйындар залында Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Кылмыш-жаза жана укук бузуулар боюнча төраганын орун басары Азамат Джумагулов, жарандык жана экономикалык иштер боюнча төраганын орун басары Алмаз Койлубаев, административдик иштер боюнча төраганын орун басары Азамат Алыбаев, USAIDдин укук булагы долбоорунун директорунун орун басары Назира Раимжанова жана окуу жайдан келген коноктордун катышуусунда кенири форматта жолугушуу болду.
Облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев иш-чараны ачып, алгач сот системасынын жаралуу тарыхына учкай токтолду.
Кыргыз Республикасынын сот тутумунун түзүлүү, өнүгүү тарыхы мекенибиздин тарыхынын ажыратылгыс бөлүгү жана абдан чоӊ тажрыйбалык мааниге ээ, ошондой эле мамлекеттин өсүп-өнүгүшүндөгү эӊ негиздүү орунду ээлей тургандыгын, ХIХ кылымга чейин кыргыз элинде соттун милдеттерин бий, казылар алып барышып, көчмөн кыргыз жана башка улуттардын ортолорунда чыккан талаш-тартыштарды үрп-адат жана шарият укуктарынын негиздерин жетекчиликке алып карашкандыгын, бул тартип кыргыз элинин Россия падышачылыгынын курамына киргенге чейин колдонулуп келгендигин айтып өттү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот тутумунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык тарыхында бир-нече жолу реформага туш болгондугун , андыктан бүгүнкү күндө өтүп жаткан өнүгүү процесстерге баа берүүгө түрткү берерин белгиледи.
Жолугушууда окуу жайдын окутуучулары жана студенттери тарабынан бир нече кызыккан суроолор берилди. Судьялар тарабынан болочоктогу юристтерге сот системасынын ачык-айкындуулугу, судьянын компеттентүүлүгү, ыйгарым укуктары жана биринчи, экинчи жана жогорку инстанциядагы соттордун ишмердүүлүгү боюнча түшүндүрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге сот имаратынын ичинде экскурссия уюштурулуп, төраганын орун басарлары ар бир коллегиянын соттук отурумдар өтүүчү залдарын кыдыртып, андагы иштердин кабыл алынгандан тартып АИС системасына катталуусу, протоколдордун аудио-видео жазуу форматында сакталышы жана соттук процесстердин ачыктыгы жана иш алып алып баруу боюнча маалымат беришти.
Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн викторина уюштурулуп, активдүү катышкан студенттерге белектер берилди.
Жолугушуунун соңунда судьялар студенттерге мыкты юрист болууга талыкпай изденип окуу керектигин белгилешип, окууларына ийгиликтерди каалап, ушундай жолугушуулар алдыда дагы өткөрүлүп турарын жана тажрыйба алуу максатында ачык соттук отурумдарга келип катышып турууга чакырып, ар дайым кызматташууга даяр экендиктерин айтышты.
Ошону менен бирге окуу жайдын мугалимдери Мукан Байсеркеев, Тимурлан Абдипаттаев, Кыял Токтомамбетова, Тынчтыкбек Кошоков жана Бегимай Токсонбаева бул жолугушуу студенттер үчүн алдыда кесип тандоодо чоң мотивация болоорун белгилеп, фемида өкүлдөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошондой эле окуу жайдан жана USAIDдин укук булагы долбоорунан келген коноктор менен судьялар эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.
Белгилеп кетүүчү жагдай сот имараттарында «Ачык эшиктер күнүн» өткөрүүнүн негизги максаты, студенттердин өлкөбүздүн сот тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Пресс-катчы Айпери Туратбек кызы