Ош облустук сотунда, 5-март сот кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата иш чара болуп өттү. Иш чарага Ош шаарынын мэриясынан, прокуратура органынан өкүлдөр, судьялар жана аппарат кызматкерлери катышышты.
Иш-чарада Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов сот тутумунун кыскача тарыхына токтолуп, сот тутумунун учурдагы милдеттери, аткарылып жаткан иштери тууралуу баяндама жасап, жалпы сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө шаардык мэриянын ошондой эле, шаардын прокурорунун, Ош горнизондук аскер прокуратурасынын Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары менен судьялар жана сот тармагында иштеп жатышкан бир катар аппарат кызматкерлер сыйланышты.




