KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Сот процессинде судьялар эмнеге мантия кийишет?

11 февраля 2026

Судьянын мантиясы- бул сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьянын өзгөчө статусун жана калыстыгын чагылдырган кара түстөгү салттуу атайын кийим. Ал сот процессинин катышуучуларына судьянын эч кимге жан тартпагандыгын, эмоцияларга алдырбай, мыйзамга гана баш ийген мамлекеттик бийликтин белгиси катары кызмат кылат.


Мантиянын кара түстө болуусу бейтараптуулукту жана соттун калыстыгын символдоштурган адилеттүүлүктүн белгисин сыпаттайт. Ошондой эле  мантия судьянын өзгөчө укуктук абалын жана сот жыйынында чечим чыгаруучу эле эмес мамлекеттин атынан адилеттүүлүктү орнотуучу адам катары чыгышынын белгиси болуп саналат.


Судьялар сот ишин жүргүзүүдө мантия кийүүгө милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамында бекитилген.


Ошондой эле мантия — көптөгөн өлкөлөрдө дагы судьялардын,  кээде башка категориядагы адилеттүүлүк кызматкерлеринин, адвокаттардын жана прокурорлордун расмий кийими катары кийилет.