KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кайрымдуулук жасады

03 декабря 2024

Бүгүн 2-декабрь “Бүткүл дүйнөлүк ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө” карата Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жана Административдик сотунун төрагасы Дамир Суйналиев   Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун  Түштүк аймактык областар аралык башкармалыгына кайрымдуулук көрсөтүү максатында барышты.


“Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер” коомунун жетекчиси Ж.Абдыкалыков менен жолугушуп, бүгүнкү майрамы менен куттуктап,  ден-соолуктарын чыңдоого, спорт жаатына көнүл буруу максатында колдоо көрсөтүп, Ош облустук сотунун судьяларынын жана Административдик соттун жалпы жамаатынын атынан материалдык сыйлык тапшырышты.


Төрага өз сөзүндө турмуштун бул сыноосун башынан өткөрүп жаткан жарандар сот тутуму тарабынан ар дайым колдоого алынарын баса белгилеп, ар тараптан дайыма колдоо көрсөтүү зарыл экендигин билдирди.


Өз кезегинде аталган коомдун жетекчиси Ош шаарындагы 400дөй ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүлдөрүн көтөрүү максатында дасторкон жайып майрамдык иш-чара уюштуруп жаткандыгын айтып судьяларга ыраазычылыгын билдирип, батасын берди.