Бүгүн 2024-жылдын 17-сентябрында Ош облустук сотунда сот тутумунун 100 жылдыгына карата иш-чара өттү.
Иш чараны облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып, кесиптештерин сот тутумунун түзүлгөндүгүнүн быйыл 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, жооптуу кызматтарына так мамиле жасап, өлкөбүздө акыйкаттуулук орнотуу менен иштерине ийгиликтерди каалады.
Андан соң сот тутумунда жигердуу эмгектенүүдө өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.