Бул туурасында Медиация институтунун Ош облусундагы директору Авазбек Шамшиев сот кызматкерлерине өткөрүлгөн иш-чарада кеңири түшүнүк берип кетти.
Иш-чара Ош облустук сотунда, облустук соттун жана Административдик соттун аппарат кызматкерлеринин катышуусунда өттү.
Медиатор Авазбек Шамшиев медиациянын сот тутумундагы орду, калкка жеткиликтүүлүгү, учурдагы көйгөйлөрү тууралуу маалымат берди.
Медиация- бул талаш-тартыштарды сотко жеткирбей же сот процессинин жүрүшүндө бейтарап ортомчу (медиатор) аркылуу тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берген укуктук механизм.Кыргызстанда медиация мыйзам менен жөнгө салынат, негизги документ – Кыргыз Республикасынын «Медиация жөнүндө» мыйзамы.
Сот системасындагы негизги орду:
- Талаштарды сотко жеткирбей чечүүчү механизм.
- Соттук териштирүүнү жөнөкөйлөтүүчү жана тездетүүчү инструмент.
- Тараптардын мамилесин сактоого жардам берүүчү процедура.
- Жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек жана айрым кылмыш иштеринде колдонулуучу институт.
- Медиациянын артыкчылыктары
- убакытты үнөмдөйт;
- соттук чыгымдарды азайтат;
- купуялуулукту сактайт;
- тараптардын ортосундагы мамилени бузбайт;
- талашты чечүүдө эки тарапка тең пайдалуу чечим менен аяктай.
Медиация институту сот тутумунун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Ал сотко альтернатива гана эмес, сот системасын толуктап турган механизм болуп, талаштарды тынчтык жолу менен, ыктыярдуу жана тез чечүүгө жардам берет.
Өлкөбүздө медиация институту акыркы жылдары өнүгүп келе жаткан механизм болгону менен, анын иштешинде бир катар көйгөйлөр бар. Мисалга алсак, калктын маалымдуулугунун төмөндүгү. Көпчүлүк жарандар медиация деген эмне экенин жана анын артыкчылыктарын толук билишпейт. Ошондуктан адамдар талаш-тартышты дароо сот аркылуу чечүүгө аракет кылышат.
Ошондой эле, медиаторлордун саны жана тажрыйбасынын жетишсиздиги, сот системасы менен толук интеграция болбой жатышы, ишенимдин жетишсиздиги, каржылык жана уюштуруучулук маселелер, мындан сырткары медиация борборлорунун саны аздыгы, пратиканын жеткиликтүү колдонулбагандыгында.
Медиация мыйзамда бар болсо да, практикада көбүнесе аз колдонулат. Бул механизм жаңы болгондуктан, анын өнүгүүсү убакытты талап кылат. Бирок анын толук кандуу иштеши үчүн калкты маалымдоо, медиаторлорду даярдоо жана сот системасы менен байланыштарын күчөтүү зарыл.




