Кыргыз Республикасынын Сот системасынын 100 жылдыгына карата, кесипкөй ишмердүүлүгүндөгү жетишкен ийгиликтери жана жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы ак ниеттүүлүгү үчүн Ош облустук сотунун судьясы Жаныл Борончиева жана консультанты Камчыбек Акчалов Сот департаментинин ардак грамотасы менен сыйланышты.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин ведомстволук сыйлыктарын, судьялар кеңешинин Ош облусу боюнча мүчөсү судья Нургазы Алимкулов төмөнкү кызматкерлерге тапшырды;
Араван райондук сотунун судьясы Гуляй Курманова- ардак грамота,
Араван райондук сотунун судьясы Тилек Тагаев- ардак грамота,
Араван райондук сотунун бөлүм башчысы Базарбек Айтиев- төш белги,
Ош облустук сотунун бөлүм башчысы Даригуль Камбарова- грамота.
Облустук соттун төрагасы Мирлан Боромбаев сыйлык алган кызматкерлерди куттуктап, сыйлык- ар биринин жумушуна стимул болорун белгилеп, андыктан жооптуу иштерине так жана жоопкерчиликтүү мамиле жасап, мындан ары дагы сот системасынын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуу менен ийгиликтерди багындырууга тилектештигин билдирди.