KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
График работы: 08:30 - 17:30 График приема граждан, подробнее
(03222) 56529 г. Ош, улица Моминовой, 3
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунда сот тутумунун кызматкерлери арасында футбол боюнча облусттук соттун төрагасынын кубогу болуп өттү

17 февраля 2025

2025-жылдын 16-февралында, Ош облусунда сот тутумунун кызматкерлери арасында футбол боюнча Ош облустук сотунун төрагасынын кубогу болуп өттү.


Мелдешти Ош Облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев ачып,  спорттук оюндар сот кызматкерлеринин арасында ынтымакты, өз ара достукту  бекемдөөгө, ден-соолукту чыңдоого шарт түзөөрүн белгилеп, ийгиликтерди каалады.


Бул спорттук мелдеште жалпысынан 11 команда ат салышып, командалар кызыктуу оюн көрсөтө алышты.


Ар бир команда футбол боюнча  өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, турнир башынан аягына чейин өтө курч атаандаштыкта жана абдан кызыктуу өттү. Жыйынтыгында  мыкты  деп  табылган  3  командага кубок, диплом жана грамоталар  тапшырылды.


Биринчи орунду  жана турнирдин  өтмө кубогу менен  Ош облустук сотунун кызматкерлери сыйланышса, экинчи орунду Ош облусунун сот приставдар кызмат бөлүмүнөн түзүлгөн сот приставдар командасы алышты. Ал эми үчүнчү орунга сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн курама командасы татыктуу болду.


Мындан сырткары  турнирдин уюштуруучулары «Мыкты дарбазачы», «Мыкты оюнчу», «Мыкты бомбардир» номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.


Кийинки турнирди уюштуруу үчүн өтмө кубок Өзгөн райондук сотуна өткөрүлүп берилди.